Кыргыз күлүгү Каракыз Казакстандагы жарышта биринчи орунду алды (видео)
Казакстанда өткөн Ерлан Байбатыровдун 60 жылдыгына арналган республикалык деңгээлдеги ат чабышта кыргыз күлүгү Каракыз аламан байгеде биринчи орунду алды.
Мааракелик тойдогу жарышка казак менен кыргыздын 50 күлүгү катышкан. Тулпарлар 27 чакырым аралыкка чабылган.
Эске салсак, Каракыз – кыргыздын сыймыгы болгон, элге таанылган тулпарлардын бири. Ал буга чейин көптөгөн жарыштарда катышып, көп жолу жеңишке жеткен.
Астана шаарында өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында аламан байгеде үчүнчү орунду алган.
Кыргыз күлүгү “Каракыз” Казакстандагы жарышта биринчи орунду алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:37
2025-10-09
16:22
2025-10-09
0:21
2025-10-09

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.