Бүгүн Египетте өтө турган Тынчтык саммитине 20 өлкө катышат
Бүгүн, 13-октябрда Египетте өтө турган Тынчтык саммитине АКШ, Франция, Германия, Индия, Улуу Британия, Түркия, БАЭ, Пакистан, Азербайжан, Армения жана башка өлкөлөрдү кошкондо жалпысынан 20 мамлекеттин лидерлери жана жогорку даражалуу өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Саммитке Палестина президенти Махмуд Аббас жана Катар эмири Тамим ибн Хамад Аль Тани да катышмакчы.
Ошондой эле БУУнун баш катчысынын, Евробиримдиктин төрагасынын жана Араб мамлекеттер лигасынын башчысынын келиши күтүлүүдө.
Саммиттин төрагалыгын Египет президенти Абдель Фаттах ас-Сиси жана АКШ президенти Дональд Трамп жүргүзөт.
Буга чейин Израил жана ХАМАС бул иш-чарага катышуудан баш тарткан. Алардын өкүлдөрү маселени Катар, Египет жана Түркия сыяктуу ортомчулар аркылуу чечерин билдиришкен.
