Шайлоо-2025: Талапкерлердин саны 200гө жакындап калды
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 198ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 12-октябрда төрт талапкер шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз тапшырган. Алар:
- Каюмов Зулкайнар Каюмович №24 (Бишкек шаары) – “Каюм Ата Строй” ААКсынын директору
- Амиралиев Шабданбек Камалидинович №4 (Ноокат шаары) – жеке ишкер
- Маратов Арсен Маратович №20 (Лебединовка айылы) – жеке ишкер
- Жээнбаева Гулуипа Арстанбековна №7 (Кара-Суу шаары) – медициналык клиниканын директору
Белгилей кетсек, парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-10-13
13:06
2025-10-13
Рейтинг:
0

