Ош: Аравандагы кызыл сызыктан чыккан курулуштар буздурулууда (фото)



Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Араван райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, райондук мамлекеттик администрациясы жана Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн адистери менен биргеликте Сүйүнбай Эшматов көчөсүндөгү кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштар боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө кызыл сызыктан чыккан курулуштар аныкталып, башкармалык тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада белгиленген курулуштар буздурулууда.
Башкармалык тарабынан мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана жоюу боюнча иш-чаралар мындан ары да улантылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.