Чолпон-Атадагы жаңы административдик имараттын курулушу уланууда










Өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги облустардагы архитектура башкармалыктары үчүн жаңы имараттарды куруп жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, министр Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында Чолпон-Атадагы Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын курулушу менен таанышты.
Долбоорго ылайык, жалпы 251,91 чарчы метрди ээлеген имаратта, жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмө бар. Заманбап стандарттарга ылайык курулуп жаткан имаратта кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар, жарандар үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлөт.
Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 80 пайызы бүттү.
Белгилей кетсек, жаңы административдик имараттар мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички ресурстары менен курулууда. Учурда өлкө боюнча ондогон жаңы административдик имараттар салынып жатканы кошумчаланат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.