Израилдин президенти Трампка эң жогорку даражадагы медаль тапшырат
Израил президенти Ицхак Герцог АКШ президенти Дональд Трампка Газадан барымтадагы адамдарды бошотууга кошкон салымы үчүн урмат-наам катары Израил президентинин сыйлык медалын тапшырат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Президент Ицхак Герцог АКШ президенти Дональд Трампты эң жогорку жарандык сыйлык — Израил президентинин урмат медалы" менен сыйлайт. Бул сыйлык Трамптын Израил мамлекетин туруктуу колдошу, Израилдин коопсуздугуна жана жарандарынын бейпил жашоосуна кошкон өзгөчө салымы, ошондой эле бүткүл регионду тынчтык жана кызматташтык дооруна жеткирүү аракеттерин таанытуу үчүн берилет", — деп айтылат билдирүүдө.
Герцог бул чечим тууралуу АКШ президенти Трампка Израил парламентиндеги жолугушуусунда расмий кабарлайт деп күтүлүүдө.
"Медаль жакынкы айларда Израил президенти тарабынан тапшырылат", — деп кошумчаланды.
Буга чейин Трамп Израил менен ХАМАСтын Газадагы конфликтти жөнгө салуу боюнча тынчтык планынын биринчи баскычында макулдашууга жетишкенин жарыялаган. Ал планда ХАМАС израилдик туткундарды бошотуп, Израил аскерлери макулдашылган чек арага чейин артка кайтат жана Израилде өмүр бою эркинен ажыратылган жүздөгөн палестиналыктар бошотулат.
