Кыргыз балбандары Дүйнөлүк улуттук оюндарында байгелүү орундарга ээ болушту (фото)








5-12-октябрь күндөрү Орусиянын Чебоксары шаарында II дүйнөлүк улуттук оюндар боюнча мелдештер өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, аталган Дүйнөлүк оюндарга Кыргызстандын Кыргыз күрөшү боюнча курама командасы экинчи ирет катышты.
Жыйынтыгында Кыргызстандын Кыргыз күрөшү боюнча курама командасы төмөнкүдөй жыйынтык көрсөттү:
Толубай Шүкүров - 60 килограмм салмак категориясында 1-орун;
Арлен Эстебесов - 66 килограмм салмак категориясында 1-орун;
Назарбек Космосбек уулу - 72 килограмм салмак категориясында 2-орун;
Мыктыбек Омурзак уулу - 84 килограмм салмак категориясында 1-орун;
Азизхан Мусабек уулу - 90 килограмм салмак категориясында 1-орун;
Бактияр Мирлан уулу +90 килограмм салмак категориясында 1-орунду ээледи.

