Сулуулугу дүйнө жүзүн суктанткан Малишанын оор тагдыры
"Адамдар “сен эң кедей жерде жашайсың” дешет, бирок мен өз өмүрүмдү жакшы көрөм! Мен супермодель болгум келет, үй-бүлөмө тамак-аш табууга жардам берейин", - деп жазылган 17 жаштагы Малишанын Instagram'дагы биографиясында. Индиянын Мумбаи шаарында жашаган кыз бир заматта дүйнөгө таанылган. Ал белгилүү модель Малиша Харва. Бул кыздын окуясы кызыктуу жана таасирлүү. Кезектеги макалада кененирээк маалымат алыңыздар.
Малиша Харва эжеси менен көчөдө жүргөндө турист кызды көргөн, бат эле тил табышып кетишкен. Кыз "ким болууну каалайсың?" дегенде, "бийлегим келет" деп жооп берген. Көрсө, ал кыз достору менен клип тартканы келген экен. "Мен досума айтып сени модель кыла алам" деген кыз Малишаны 2020-жылы америкалык актёр Роберт Хоффмага көрсөткөн. Ал учурда клипке тартууга кыз керек эле. Кыздын табигый сулуулугун байкаган актёр "жардам берем" деп убада берет.
Кыз өтө жаман шартта, таяк-тайпалардан курулган жерде жашачу. Анда ал 12 жашта эле. Окуусунан тышкары, үйүнө жардам берүү үчүн оор жумуштарда иштеп жүргөн кызынын модель болуусун уккан атасы каршы чыгат, бирок чоң атасы уруксат берип карьерасы башталган.
Роберт Хоффман кызга Инстаграм баракчасын ачып, элден жардам сурайт. Андар соң түрдүү фотосессияларды жасап, кызды белгилүү бренддер кызматташууга чакыра баштайт. Аз убакыттын ичинде таанылып, көп өлчөмдөгү контракттарга иштесе да, өзүнүн үйүнөн кетүүгө макул болгон эмес.
"Апамдын бизди таштап кетип жатканын көргөм, кийин апам каза болду. Атам өзүнүн ак эмгеги менен биздин курсагыбызды тойгузчу. Бул нерселерди көрүп чоңойгон мен кантип үй-бүлөмдү таштап кетмек элем?" - деген ал интервьюлардын биринде.
Малиша акча топтоп, үйүнө бардык шарттарды түзгөн. Буга чейин электр жарыгы жок, суусу жок жерде жашаган. Мындан тышкары кыз үй-бүлөсүнө дагы жаңы бир бөлмөлүү батир алып берди.
Учурда Малиша окуусу менен бирге карьерасын дагы алып кетүүдө. Ошондой эле соцтармакты активдүү колдонуп, блог алып барат.
Малиша табигый сулуулукка көңүл буруп, кыздарды, айрыкча жаш кыздарды “ашыкча стандарттарга” макул болбоого чакырат. Кандай болсоң ошондой өзүңдү кабыл ал, ар бир адам өзгөчө сулуу деп белгилейт.
"Жашоом өзгөрдү. Мурда мен плакаттарга, гезиттерге, сыналгыларга чыкчу эмесмин, азыр болсо дүйнөнүн ар тарабында жүрөм. Мени баары таанып, селфи сурашат. Мен өзүм менен сыймыктанам. Дайыма модель болгум келчү. Беш жашымдан эле модель болууну кыялданчумун. Абдан бактылуумун. Бир күнү супермодель болсом деп кыялданам", - деди Малиша маегинде.
