super.kg logo

Израилде палестиналык туткундарды бошотууга даярдыктар жүрүүдө 

 

Израилде кармалган палестиналык туткундарды бошотуу үчүн даярдыктар жүрүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, туткундарды автобус менен Палестинага жөнөтүшөт.

Израил өкмөтүнүн өкүлү Шош Бедросян брифингде билдиргендей, палестиналык туткундар ХАМАС барымтадагы адамдарын Израилге кайтаргандан кийин дароо бошотулат.

Анын айтымында, эгерде израилдик барымтадагы адамдар чек арадан өтүп, Израил аймагына жеткени ырасталса, палестиналык туткундар дароо бошотулат.

Эске салсак, 10-октябрда Газа секторунда ок атышууну токтотуу режими күчүнө кирген. Макулдашууга ылайык, 13-октябрга чейин ХАМАС Израилге 48 адамды кайтарып бериши керек.

Мунун жооп иретинде Израил өмүр бою эркинен ажыратылган 250 палестиналык туткунду жана 2023-жылдын октябрь айында аскердик кагылышуулар башталгандан кийин камакка алынган 1,7 миңден ашуун Газалык тургунду бошотууга макул болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: