Парламенттик шайлоо: №3 шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси












Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жөнүндө ниетин билдирген жарандардын арыздарын кабыл алууда.
Мекеменин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө №3 шайлоо округу боюнча шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 11ге жетти.
- Жамалдинов Зиядин Исламович 12.06.1966-жылы туулган, "Кумтор" ЖАКнун директорлор кеңешинин мүчөсү
- Зулпуев Саидбек Мейраждинович 11.06.1968-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
- Маткалыков Асилбек Жоробаевич 20.11.1972-жылы туулган, убактылуу иштебейт
- Жоошбаев Курманбек 25.04.1996-жылы туулган, "Моушн групп" ААКнын башкы директору
- Абдрахманов Азамат Абдилазизович 25.12.1980-жылы туулган, Төөлөс айылдык кеңешинин депутаты
- Дуванаева Гулнара Качыбековна 13.10.1963-жылы туулган, жеке ишкер
- Тургунбаев Чынгыз Шакирбекович 18.04.1983-жылы туулган, "HVLA" ЖЧКнын директору
- Мурзакматов Байжигит 01.02.1985-жылы туулган, убактылуу иштебейт
- Курванбаев Суйунбек Бурканидинович, 08.07.1980-жылы туулган, ЖЧК Ал-Лазииз директору
- Мусаев Бактияр Назарович, 09.08.1988-жылы туулган, убактылуу иштебейт
- Матраимов Бакытбек Турдалиевич (онлайн) 13.09.1975-жылы туулган, убактылуу иштебейт
№3 шайлоо округу
Борбору: Кызыл-Кыя шаары. Ага Кадамжай районунун Масалиев, Үч-Коргон айыл аймактары, Кызыл-Кыя шаары, Ноокат районунун Кулатов, Төлөс, Көк-Жар айыл аймактары жана Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагы кирген. Шайлоочулардын саны 136 миң 40.
Белгилей кетсек, парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-10-13
13:06
2025-10-13
Рейтинг:
0

