Парламенттик шайлоо: №7 шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн №7 шайлоо округу боюнча 5 талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Алардын тизмеси:
Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович, 09.09.1995-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
Ормонова Авазкан Чынбердиевна, 04.04.1972-жылы туулган, "ДИА" Коомдук фондунун директору
Жеенбекова Чолпон Абдылдаевна, 29.09.1998-жылы туулган, жеке ишкер
Козуев Алишер Абибиллаевич, 10.09.1984-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
Жээнбаева Гулуипа Арстанбековна, 19.02.1970-жылы туулган, медициналык клиниканын директору
№7 шайлоо округу
Борбору: Кара-Суу шаары. Добуш берүүчүлөрдүн саны 141 миң 18. Шайлоо округуна Ош шаарынын Нариман айыл аймагынын Жаңы-Маала, Жийделик, Чолпон айылдары, Кара-Суу шаары, Кара-Суу районунун Ала-Тоо, Манас, Жоош, Отуз-Адыр айыл аймактары толугу менен кирген.
Белгилей кетсек, парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрь саат 18:00гө чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.

