Шайлоо-2025: № 2 шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси






Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, парламенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоого № 2 шайлоо округунан беш талапкер шайлоого катышуу ниетин билдирди.
Айта кетсек, БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жөнүндө ниетин билдирген жарандардын арыздарын кабыл алууда. Ал 30-октябрь саат 18:00гө чейин созулат.
Бүгүнкү күнгө карата округ боюнча талапкерлердин тизмеси:
- Калпаев Бактыяр Алиевич 09.07.1993-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
- Абсаттаров Азамат Асаттулаевич 16.11.1988-жылы туулган, Жогорку Кеңештин кызматкери
- Атажанов Ырысбек Ысламович 27.11.1974-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
- Аманова Бурун Кушбековна 18.12.1969-жылы туулган, "Небесные горы" ЖЧКнын негиздөөчүсү
- Садыков Абдисатар Сайталыевич 19.02.1977-жылы туулган, “Амин” ЖЧКнын директору
№2 шайлоо округунун борбору - Кадамжай шаары. Бул шайлоо округуна Баткен районунун Кара-Бак, Суу-Башы, Төрткүл, Алтын-Бешик айыл аймактары жана Кадамжай районунун Айдаркен, Кадамжай шаарлары, Актурпак, Молдо Нияз, Бирлик, Майдан, Орозбеков, Исхак Полотхан айыл аймактары толугу менен киргизилген. Шайлоочулардын саны 144 миң 380.
Эске салсак, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрында болот.

