ЖКнын Аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары опузалоо фактысы боюнча кармалды (фото)





Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары опузалоо фактысы менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, К.Б.Ш. аттуу ЖКнын Аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары жана А.Т.Н. аттуу жарандын 200 миң АКШ долларын алуу фактысы аныкталган.
Аталган жарандар алдын ала макулдашуу боюнча бизнес өкүлдөрүнүн биринин ишенимине кирип, УКМК төрагасы Ташиев менен тыгыз байланышы бар экенин айтып, алдамчылык жолу менен УКМК тарабынан кылмыш ишин токтотуу үчүн 200 миң АКШ долларын алышкан.
10-октябрда жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган К.Б.Ш. жана А.Т.Н. кармалып, ЖПКнын 96-беренеси боюнча УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

