Камерунда президенттик шайлоо өттү
Кечээ, 12-октябрда Камерунда президенттик шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Шайлоого жалпы 12 талапкер катышты, анын ичинде өлкөнүн азыркы президенти, 92 жаштагы Пол Бия сегизинчи мөөнөткө кайра шайланууга ат салышууда.
Добуш берүү жергиликтүү убакыт менен саат 8:00дө башталып, 18:00дө аяктаган.
Шайлоонун жыйынтыгы Конституциялык кеңешме тарабынан добуш берүү аяктагандан кийин 15 күндүн ичинде жарыяланат.
Президенттик шайлоо бир тур менен өтүп, эң көп добуш алган талапкер жеңүүчү деп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-10-13
12:36
2025-10-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.