Арасында юрист, депутат, директор бар. №8 шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №8 шайлоо округу боюнча алты талапкер шайлоого катышуу ниетин билдирди. Мындай маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрь саат 18:00гө чейин кабыл алынат.
№8 шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси:
Сабыржан уулу Самарбек, 17.04.1994-жылы туулган, Жиу-житсу федерациясынын директору
Семетей кызы Аизирек, 25.08.1994-жылы туулган, юрист
Торобекова Нуржамал - 28.01.1979-жылы туулган, социалдык кызматкер
Жолдошова Жылдызкан Айтибаевна, 02.03.1960-жылы туулган, "Датка корпорэйшн" ЖЧКсынын башкы директору
Баатыркулов Зайнал Ахматович, 21.10.1985-жылы туулган, убактылуу иштебейт
Бердиев Аккулу Тагаевич, 02.03.1966-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
№8 шайлоо округу
Борбору: Гүлчө шаары. Шайлоочулардын саны 142 миң 405. Шайлоо округуна Кара-Суу районундагы Мады, Датка, Баш-Булак айыл аймактары, Алай, Чоң-Алай районундору толугу менен киргизилген.
Эске салсак, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрында болот.

