super.kg logo

Мындан ары курулуш объекттеринде бирдиктүү паспорт илинет

 
Курулуш объекттери үчүн бирдиктүү форматтагы маалыматтык паспорт иштелип чыгып, бардык объекттерде милдеттүү түрдө орнотулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, буга чейин курулуштун мыйзамдуулугун тастыктаган ар кандай үлгүдөгү паспорттор илинип келген. Эми, жарандарга жетиликтүү болуш үчүн ар бир курулуш объектинде бирдей үлгүдө даярдалган ачык жана түшүнүктүү маалыматты камтыган "Бирдиктүү паспорт" илиниши керек. Бул документ аркылуу жарандар объект тууралуу толук маалымат алып, курулуш ишинин мыйзам чегинде жүрүп жатканын көрө алат.
Бирдиктүү паспортто төмөнкү маалыматтар камтылат:
  • Курулуш министрлигинин расмий белгиси (логотип)
  • Объекттин аталышы жана дареги
  • Курулуш жүргүзүп жаткан компаниянын маалыматы
  • Жооптуу адистердин аты-жөнү жана байланыш номери
  • Уруксат берилген документтердин номери
  • Башталышы жана аяктоо мөөнөттөрү
  • QR-код аркылуу жарандар объектке байланыштуу кошумча жана расмий маалыматты онлайн көрө алат.

Бул кадам курулуш тармагындагы ачык-айкындуулукту камсыздап, жарандардын суроолоруна жоопту түздөн-түз объекттен эле алуу мүмкүнчүлүгүн жаратат. Министрлик бардык курулуш компанияларын бекитилген талаптарга ылайык иш алып барууга чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: