№9 шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн №9 шайлоо округу боюнча 3 талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу маалымат мекеменин расмий сайтына жайгаштырылды.
№9 шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси:
Жумаев Байыш Эркебаевич, 19.04.1986-жылы туулган, жеке ишкер
Камбардинова Рахат Махмутжановна, 03.03.1977-жылы туулган, №62 кесиптик лицейдин директору
Даут Ахунов Сардарбек Исмаилжанович, 16.08.1991-жылы туулган, Өзгөн шаардык Салижан Шарипов атындагы №1 орто мектебинин соцпедагогу
№9 шайлоо округу Өзгөн шаары. Шайлоочулардын саны 122 миң 779. Шайлоо округуна Кара-Суу районунун Савай, Ынтымак айыл аймактары, Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь, Куршаб, Жалпак-Таш, Кароол, Дөң-Булак айыл аймактары, Өзгөн шаары кошулган.
Эске салсак, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрында болот.

