Ооганстандагы этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүлдү



Ооганстандын Памир аймагындагы этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалымдагандай, министрлик Кичи жана Чоң Памир аймактарында жашаган этникалык кыргыздарды колдоо максатында гуманитардык экспедиция уюштурган. Бул өлкө президентинин тапшырмасынын жана Министрлер кабинетинин чечиминин алкагында ишке ашкан.
Экспедиция ийгиликтүү жеткирилип, Бадахшан провинциясынын тургундарына жана Ооганстандагы этникалык кыргыздарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектер тапшырылган. Ошондой эле кардиологдор, тиш дарыгерлер жана акушер-гинекологдордон турган дарыгерлер тобу 765 адамга медициналык жардам көрсөткөн. Алардын ичинен 187си аялдар, 207си балдар болгон.
Мындан тышкары жергиликтүү калкка жугуштуу жана ар кандай оорулардын алдын алуу, өз убагында аныктоо жана бодо менен майда мал үчүн ветеринардык дарыларды туура колдонуу боюнча окутуу иштери жүргүзүлгөн. Ветеринардык кызматтын адистери малды кароо иштерин жүргүзүп, эмдөө боюнча кеңештер жана практикалык тренинг өткөрүшкөн. Натыйжада 10 төө, 40 ат, 367 топоз жана 840 кой-эчки текшерүүдөн өткөрүлгөн.
Экспедициянын алкагында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ооганстандын Бадахшан провинциясынын губернаторунун орун басары менен жолугушуу өткөргөн. Жолугушууда этникалык кыргыздардын жашоо шарттары, провинция бийлигинин учурда көрүп жаткан чаралары жана алдыдагы социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык маселелерди чечүү боюнча пландар талкууланган.
