Күндөлүк (мансапка жетүү үчүн баарына даяр болгон кыздын сезимин, окуяларын баяндаган сериал)
(Башы өткөн сандарда)
Мен эми өз жашоом менен жашайм. Балким, тагдырым оордур, бирок мен чыдайм. Мени түшүнгүсү келген жок. Менин оюмду угуп да коюшкан жок. Анан мен аларды кантип түшүнөм? Жүрөгүм канжалап, жаштайымдан ушул кезге чейинки убактын баарын эске сала түштүм. Эжемдин эркелеткени, байкемдин чачымдан сылап, жөжөм деген кулакка жагымдуу, бал сөздөрүн эстеп алып буулугуп жатам. Экинчи аларды көрбөсүмдү ойлогондо жаным суурулуп эле асманга учуп кеткендей сезим болду. Жарык жашоом караңгы боло түштү. Караңгы... Бир дагы жарык жок... Мен эми жалгызмын.
xxx
05.10. ХХХХ. Бир ай өтүптүр. Туура бир ай... Сенин барагыңды ачпаганыма. Убакыт болгон жок. Анан да көңүл болгон жок. Бир айдан бери туугандарымсыз жалгызсырап жашап келем. Жалгыздыгымды бир гана Мансур менен Айым бир аз убакытка болсо да унуттурганга аракет кылышат. Өзгөчө Мансур. Бүгүн да экөөбүз бир төшөктө жаттык. Ооба, мен ага өзүмдү арнадым. Бир гана анын кучагында өзүмдүн жанымдын тынчтыгын таптым. Акбар анда-санда келет. Мансур мен кандай болсом, ошондой кабыл алды мени. Биринчи түнүбүздө дагы “ким менен болдуң эле мага чейин? Кыз эмессиңби?” деген баш оорутма суроолорду берген жок. Жөн гана маңдайымдан сүйүп койду, мен ыраазы болдум. Мындай мырза чанда гана кездешсе керек. Ага ошол түнү Бекзат деген бала мени бузуп кеткенин дагы айттым. Түшүнүү менен кабыл алды. Ошол күндөн бери башыбыздан канча түндөрдү өткөрүп келе жатабыз. Бүгүн биринчи жолу Мансур экөөбүз менин үйүмдө жатабыз. Акбар келип калат деген коркуу сезими жок, өзүмдү бош алып жаттым. Азыр болсо Мансур жанымда уктап жатат. Бейкапар... А ойлуу жаткан мен ордумдан жай туруп, жерде жаткан халатымды үстүмө жаба салып астыңкы кабатка түштүм. Түшүп бара жатсам, Айым таңкы намазын окуп жатыптыр. Бир жылмайып, ичимден “кабыл болсун” деп түз эле кичи бөлмөгө кирип бардым. Бул бөлмө абдан кичине эле. Ошол үчүн өздүк бөлмө кылып алгам, менден башка эч ким кирбейт. Ушул бөлмөнүн бир табышмактуу, сырдуу жеринде сен жатчусуң, күндөлүгүм. Сени бекем бекитип койчумун.
xxx
17.10. ХХХХ. Көптөн бери сулуулук салонун ачсам деп кыялданып жүрчү элем. Акбарга айтсам, “азыр жумушта кыйын кырдаал болуп жатат, азырынча коё турчу” деп койду. Анан өзүм бир айласын табайын дедим. Ижарага бирөө офис берип жатыптыр. Мурда дагы сулуулук салону болгон экен ал жер, кааласаң шкаф, эмеректерин калтырабыз дешти. Бир гана акча жок болуп турган, анан кредит алууну ойлодум. Бирөөнүн кол алдында иштегенден айбыгып турдум. Бирок иштеп акча табыш керек эле. “Акбар бар го, эмне эле күйпөлөктөйсүң?” дешиң мүмкүн. Бирок ал да түбөлүк жанымда кала турган адам эмес. Бүгүн болбосо, эртең кетет менден. Аны сен экөөбүз жакшы билебиз. Мындан аркы жашоомду Мансур менен эле элестетип туруп алдым. Акбардан “технично” кол үзүш керек. Тажадым. Эч нерсе чыкпай калды, бир нерсе сурасаң эле ар шылтоону айтчу болду. Анан да ойнош болуудан тажадым. Ошол үчүн аракет кылып бутка тезинен туруп алайын деп жатам. Ошентип мындан бир нече күн мурун мага банктан ири суммада кредит берилди. Сүйүнүп турдум. Албетте, башында корктум. Себеби күрөөгө үйүмдү койгон элем, балким, төлөй албай калсамчы деп тынчсыздандым. Бирок тобокелге барууну чечтим. Жолум ачылып кетсе экен. Мансур, Айым жана анын жигити мени колдошуп бутка бут, колго кол болуп жардам берип жатышат. Буюруп калса, жакынкы аралыкта салонум ачылат. Акбар маани дагы берген жок, жашсың, колуңдан келбейт дегендей мыйыгынан күлүп койду. Мен таарынып калдым. Жок, таарынымыш болдум десем туура болчудай. Оюмда бул кишиден эптеп кутулуп, өз сүйгөнүм менен бирге болуу. Бирок баары мен ойлогондой болбойт го... Акбар мага ач кенедей жабышкан. Эми оңою менен коё бербейт.
xxx
29.10. ХХХХ. Бүгүн эртеден кечке сүйүктүүм менен болдум. Мотоциклине отургузуп алып Ала-Арчага алып барып келди. “Тамак сенден болсун” дегем, сонун кылып бутерброд, шире, мөмө-жемиш кылып ала келиптир. Саргайып бара жаткан чөптүн үстүндө экөөбүз эркелешип отурдук. Ал отурат, мен бутуна башымды коюп алып, көктү карап жатам. Билесиңби? Мен ушул жашка чейин чыныгы сүйүү, махабат кандай болорун билбептирмин. Чын айтам. Адилетти балалык сезим менен жакшы көрүптүрмүн, Бекзатка жөн гана кызыгыптырмын, ал эми Акбарды колдондум... Чыныгы махабатым мына, мени ушунчалык сүйүү менен карап, чачымдан сылап отурат. Сүйүүнүн алдында байлык, бийлик, жокчулук, дегеле бардык “МЕН” деген нерселер эч кандай роль ойнобой калат бейм?! Андай болбосо, ушул колунда жок, бир жылдызынан башка эч нерсеси жок бала үчүн баарына даяр болуп тура алат белем? Аны канчалык сүйөрүмдү, аны көргөндө эле эрип кетеримди Мансур билет болду бекен? Мени алдап жүрөт деп ойлоп жаткандыр, балким. Бирок ал чын да, мен аны алдап жүрөм. Азыр дагы бул нерсени эстеп алып Мансурумдун көздөрүнөн каректеримди ала качтым. Уялып кеттим. Мурда бир эле учурда 3-4 жигит менен сүйлөшкөн күндөрүм болгон. А азыр негедир Мансурду көрүп алып, аны аяп турам. Сүйүктүүсү ага кантип артынан канжар сайып, азыр жанында эркелеп жатса, түнү башка эле бир эркектин кумарын кандырып жатканын туйбаса да керек. Бирок чыда, сүйгөнүм, аз убакыт калды. Мен Акбар менен баарын бүтүрөм. Бир гана сенин ханышаң болом. Өзүмдү бир гана сага арнайм. Жакындарыма сүйүнчүлөйм. Байкем кыялданган той да болот экөөбүздө. Ак тойдо байкем келип, мени тапшырат сенин колуңа. Баары алдыда, бир гана сен азыркы жашоомду билбей турсаң болгону... Мен жөнүндө оюң таза калуусун тилеймин. Ал учурда көп нерсени ойлонуп жибердим. Бир убакта Мансурдун алаканы менин жүзүмдүн маңдайында ары-бери булгаланып жатканын байкап эсиме келдим. Жарыгым менин, күлүп турат. Бир убакта оозума жүзүмдүн бир даанасын салып койду да “жактыбы?” деди. “Ооба” десем: “Карыганда да оозуңа ушинтип жүзүм салып турам. Бир гана мен деп соксун жүрөгүң. Мени таштап кетпе. Менин сенсиз жашоом караңгы болот”,- деди.
Уландысын шилтеме аркылуу кирип окуңуз.
