super.kg logo

Кытай Трамптын бажы төлөмдөрү боюнча коркутууларына жооп берди

 

Пекин Вашингтондон Кытай товарларына карата киргизилген соода чектөөлөр боюнча "ката практиканы" токтотууну талап кылды. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Линь Цзянь билдирүү жасады. Эгер АКШ жаңы чектөөлөрдү киргизүү ниетинен баш тартпаса, Кытай жооп чараларын көрүүгө даяр экенин баса белгиледи.

"Акыркы убактарда АКШ Кытайга карата чектөөлөрдү жана санкцияларды тынымсыз киргизип, биздин өлкөнүн кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирүүдө. Эгерде америкалык тарап ушул саясатын уланта берсе, Кытай өзүнүн мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн чечкиндүү түрдө тиешелүү чараларды көрөт", — деди Линь Цзянь маалымат жыйынында.

10-октябрда АКШ президенти Дональд Трамп Кытайдын өтө агрессивдүү позициясына жооп катары Кытай продукциясына тарифтерди 100 пайыз көтөрө турганын жана программалык камсыздоого экспорттук көзөмөл киргизерин жарыялады. Бул билдирүү Кытай өкмөтүнүн сейрек кездешүүчү жер металлдары боюнча көзөмөл чараларын күчөтүү чечиминен кийин жасалган.

9-октябрда Кытай бийлиги сейрек кездешүүчү металлдарды өндүрүү технологияларына экспорттук чектөөлөрдү киргизгенин билдирген. Жаңы эрежелерге ылайык, бул тармактардагы (кен казуу, эритүү, бөлүү, металл жасоо, магниттик материалдар өндүрүү, кайра иштетүү ж.б.) технологиялар уруксатсыз экспорттолбойт. Ошондой эле өндүрүш линияларын орнотуу, тейлөө, оңдоо жана жаңыртуу боюнча технологияларга да чектөөлөр коюлган.

Трамп Кытайдын бул саясатын "моралдык уят иш" деп атап, жаңы 100 пайыздык тарифтерди 1-ноябрдан тартып киргизүүнү тапшырган. Эгер бул чаралар ишке ашса, Кытай товарларына АКШнын жалпы тарифтери 130 пайызга чейин өсүшү мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: