super.kg logo

Афтандил Сабырбековго өкүм чыгып, камактан бошотулду 

 

Президенттин жээни Лазат Нуркожоевага үйлөнүү сунушун жасаган Афтандил Сабырбековго сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Белгиленгендей, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуну 10-октябрдагы өкүмү менен С.А.(Афтандил Сабырбеков) "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо" жана "Кылмыш-жаза кодексинин мыйзамсыз даярдоо" беренелери боюнча күнөөсүз деп табылган. Ал далилдердин жоктугуна байланыштуу акталган.

Мындан тышкары, Сабырбеков Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүмү«Куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» боюнча күнөөлүү деп табылды. 2024-жылдын 4-июлунан 2025-жылдын 10-октябрына чейин тергөө абагында өтөгөн убактысын эске алуу менен камакта отурган бир күн эки күн катары эсептелип, эки жыл алты айга эркинен ажыратылган.

Афтандил Сабырбековдун эркинен ажыратуу жазасы толугу менен өтөгөн деп эсептелип, ал сот залынан бошотулду.

Мындан сырткары анын бир тууганы Тариэл Сабырбеков кылмыштын далилдери жок болгондуктан бир нече айыптар боюнча акталган. Бирок ал Кылмыш-жаза кодексинин “Прокурордун, тергөөчүнүн, тергөө органынын ишмердигине тоскоолдук кылуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал эки жылга эркинен ажыратылды.

Эркинен ажыратуу жазасы толугу менен өтөгөн деп эсептелип, ал дагы сот залынан бошотулду.

Эске салсак, Афтандил Сабырбеков президенттин жээни Лазат Нуркожоевага үйлөнүү сунушун жасагандан кийин коомчулукка кеңири тааныла баштаган. Афтандил Сабырбековго жана анын бир тууган агасы Тариелге Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү “Ири көлөмдө таратуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” боюнча кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: