super.kg logo

“Робот кызмат көрсөтөт”. Талас бир жылда таанылгыс болуп өзгөрөт

 

Талас облусунда 2026-жылы Кыргызстандын 35 жылдык Эгемендүүлүгү белгиленет.

Ага карата облуста масштабдуу өзгөрүүлөр жасалып жатат. Талас облусунун башчысы Эрмат Жумаев журналисттерге пресс-тур уюштуруп, облуста жасалып жаткан долбоорлор менен тааныштырды.

Облус башчысынын айтуусунда, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Таласты өнүктүрүүгө, оңдоп-түзөө, курулуш иштерине мамлекет тарабынан 8 миллирад сом акча каражаты бөлүнгөн.

Учурда ири долбоорлордон 22 объекттин үстүндө иштер жүрүп жатат, мындан тышкары дагы долбоорлор бар.

Талас облусунда аткарылып жаткан иштер:

Талас облусуна кире бериштеги арканы толугу менен оңдоп-түзөө, Манас ордо комплекс жайын толугу менен реконстрциядан өткөрүү, Борбордук аянтты оңдоо, жол иштери, борбордук парк куруу, оюн-зоок шаарчасы, соода-түйүндөр, эс алуу комплекси, мейманканалар, ички көчөлөргө жаңы тротуар куруу, калкты таза суу менен камсыздоо (суу топтоочу жай), жарыктандыруу орнотуу, асфальт завод курулуш, бетон завод, таш майдалагыч завод, жөө жүргүнчүлөр үчүн аллея, дүкөндөр, китепкана, ойноочу жайлар, унаа токтоочу жайлар, айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчү завод, логистикалык борбор, Талас борбордук базарын куруу, “Чыңгыз ааламы” маданий-мемориалдык комплекси Шекер айылына куруу, кинотеатр, музей, 7 бала бакча, Чоң-Капка өткөрмө пунткун толугу менен реконструкциялоо, Талас облустук университетин куруу.

Облус башчысы долбоорлор облус үчүн абдан маанилүү экенин белгилеп өттү. Ошондой эле бул объекттилердин баарын 2026-жылдын 31 -августуна чейин бүтүрүп, ишке киргизерин билдирди.

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы Талас облусунда жаркыраган атмосферда өтөт деп убадалады.

Буга чейин Таласта мындай масштабдуу курулуш, реконструкциялар болгон эмес. Мисалга алсак, Чоң-Капка өткөрмө пункту 2007-жылы салынган, ал буга чейин бир жолу дагы реконструкциядан өткөн эмес. Учурда курулуш иштери жүрүүдө, бардык керектүү шарттар түзүлөт.

“Бул курулуштар туристтерге дагы ылайыкташтырылып жатат, биздин облуска келгенде жерлерибизди көрүп, суктанып кетишсин жана экономикага дагы пайда болсун деген жакшы ойдо талыкпай иштеп жатабыз”, - деди Жумаев.

Ири долбоорлордун бири “Баластан” оюн-зоок шаарчасы. Ал уникалдуу курулуш болот деп болжолдонууда. Анда кыргыз, орус, англис тилинде сүйлөп, эс алуучуларды, туристтерди, жаш балдарды тосуп ала турган роботтор болот. Роботтордун баарын кыргыз кызына, балдарына окшоштуруп, калпак, улуттук кийимдерди кийгизишет. Бул долбоордун ичи жомоктогудай болот. Мисалга алсак, “Magic City”, “Disneyland” парктарындай.

Ал эми Нуржанов аллеясы жөө жүргүнчүлөр үчүн эң кооз аллея болот. Аллея шаардагы эң кооз аймактардын бири болуп, туристтерге, шаар конокторуна жана жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Учурдагы Нуржанов аллеясында жайгашкан турак жайлар менен соода түйүндөрүнүн сырткы көрүнүшү да жаңыланып, жаңы парктын архитектуралык стилине ылайык иретке келтирилүүдө. Аллеяда дүкөн, китепкана, эс алуучу жайлар , спорттук (воркаут) аянтчалары, вай-фай зона , фонтан жана башка ыңгайлуу шарттар болот. Аллеянын курулушу 2026-жылдын июль айында бүтүшү керек.

Талас шаарындагы эң көрүнүктүү жана тарыхый жери Кыргыз улуттук Манас Ордо комплексинде чоң өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Комплекстин жетекчиси Камиль Мамадалиев курулуш жерлерди көрсөтүп чыкты. Бардык талаптарга жооп берген жаңы музей салынууда. Эпостор 12д эффекти менен көрсөтүлөт. Комплекстин жанына сыйлуу коноктор үчүн 5 люкс коттедждер курулат, ошондой эле конференция зал болот. 5000 орундуу көк бөрү оюндарын ойноого трибуна курулат.

Облустун жашоочулары, Таласта жакшы иштер жүрүп жатканын айтышып, бир жылдын ичинде Талас таанылгыс бөлүп өзгөрүлөрүн айтып, мамлекет башчыга жана облус жетекчилерине ыраазычылыктарын билдиришти.

Облуска дагы колдоо көрсөтүп, жардам бергендердин бири “Альянс Алтын” компаниясы болуп саналат. Компания аймактарды өнүктүрүүгө активдүү салым кошуп келет. “Альянс Алтын” тарабынан “Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана кармоого карата өндүрүлгөн продукцияны сатуудан түшкөн каражаттан 2%” берененин негизинде жергиликтүү фонддорго каражат которулат:

Аталган берененин негизинде 2021-жылдын апрелинен 2025-жылдын август айына чейин жалпысынан 2 миллиард 241 миллион сом которулган

Бул каражаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

- Талас облусун өнүктүрүү фондуна (50%), тактап айтканда, 1 миллиард 120 миллион сом, анын ичинен 2025-жылдын январь–август айларында- 277 миллион сом, акыркы айда- 53 миллион сом;

- Талас районун өнүктүрүү фондуна (30%), башкача айтканда, 672 миллион сом, анын ичинен 2025-жылдын январь–август айларында — 166 миллион сом, акыркы айда — 32 миллион сом;

- Шумкар-Уя айыл аймагын өнүктүрүү фондуна (20%) – 448 миллион сомду тузсо, анын ичинен 2025-жылдын январь–август айларында -111 миллион сом, акыркы айда- 21 миллион сом.

Компаниянын жалпы экологиялык төлөмдөрү бүгүнкү күндө 471 миллион 790 миң сомду түздү, алардын ичинде:

- Рекультивациялык фондго- 77 миллион 262 миң сом;

- Жер үстүндөгү сууларды пайдалануу үчүн- 143 миллион 504 миң сом;

- Экологиялык эмиссиялар үчүн- 251 миллион сом.

Бүгүнкү күндө "Альянс Алтын" компаниясында 1019 кызматкер эмгектенсе, жалпы Жер-Үй кенинин аймагында подряддык уюмдарда эмгектенгендерди кошкондо 2000ге жакын адам иш орду менен камсыз болгон. Алардын 80 пайызга жакынын Талас облусунун тургундары түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: