super.kg logo

Бишкекте максатына ылайык колдонулбай жаткан объекттер бузулууда

 

Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан максатына туура келбеген объекттерди демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иштер борбор калаанын мэриясы тарабынан түзүлгөн тиешелүү комиссиянын чечиминин негизинде аткарылууда.

Учурда Салтанат жана Патрис Лумумба көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аянты 0,173 гектар болгон жер тилкесинде жайгашкан объекттер бузулууда.

Аталган жер тилкеси мурда унаа токтотуучу жай катары берилген, бирок иш жүзүндө автотетиктерди сатуу үчүн колдонулуп келген. Бул жерди максатына ылайык эмес пайдалануу болуп саналат.

Борбор калаа мэриясы жер тилкелери мыйзамда көрсөтүлгөн уруксат берилген ишмердүүлүккө гана колдонулушу керек экенин эскертип, эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, чара көрүлөрүн кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: