Көпчүлүгү депутаттар. №15 шайлоо округунан шайлоого аттангандар (тизме)
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №15 шайлоо округу боюнча алты талапкер шайлоого катышуу ниетин билдирди. Мындай маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрь саат 18:00гө чейин кабыл алынат.
№15 шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси:
Керимбаев Мураталы Топчубаевич, 22.01.1984-жылы туулган, убактылуу иштебейт
Эрбаев Алишер Ташбаевич, 23.11.1973-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
Эшбаева Миргүл Алманбетовна, 28.05.1983-жылы туулган, Жогорку Кеңештин консультанты
Умаров Адыл Умарович, 21.02.1992-жылы туулган, айылдык кеңештин депутаты
Нышанов Жайлообай Данибаевич, 01.09.1968-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
Турсунбаев Азизбек Атакозуевич, 03.05.1966-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
№15 шайлоо округу - Кербен шаары. Шайлоочулардын саны 160 миң 218. Бул шайлоо округуна Аксы районунун Кош-Дөбө, Ак-Жол, Сары-Челек, Кара-Камыш айыл аймактары, Кербен шаары, Ала-Бука жана Чаткал району кошулган.
Эске салсак, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.

