Садыр Жапаров Швейцариянын Кыргызстандагы элчисинин ишеним грамотасын кабыл алды



Бүгүн, 13-октябрда президент Садыр Жапаров Швейцариянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сироко Мессерлинин ишеним грамотасын кабыл алып, аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда мамлекет башчысы Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы саясий диалогдун оң динамикасына чын ыкластан кубанарын белгиледи. Ошондой эле эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн сактоо жана мындан ары да көбөйтүү үчүн биргелешкен аракеттердин зарылдыгын кошумчалады.
Муну менен катар Сироко Мессерли Швейцариянын өз ара кызыкчылык жараткан кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдарлыгын баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы көп жактуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого даярдыктарын билдиришти.

