super.kg logo
  Спорт  

U-17 кыздар арасында 2026-жылкы Азия Кубогуна тандап алуу оюндары Бишкекте өтөт

 

13–17-октябрь күндөрү Бишкек шаарында өлкөнүн U-17 кыздар курама командасынын катышуусунда 2026-жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндары өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бримдигинен билдирди.

Кыргыз курама командасы "G" тайпасында Индия жана Өзбекстандын курамалары менен күч сынашат. Беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо орун алып, саат 19:00дө башталат.

Мелдештин ачылышы майрамдык маанайда өтүп, күйөрмандар үчүн атайын шоу-программа жана концерттик кече уюштурулат. Концерттик программа саат 18:00дө башталат.

Белгилей кетсек, тандап алуу баскычына жалпысынан 27 курама катышып, алар 8 тайпага бөлүнгөн. 2026-жылкы Азия Кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын 30-апрелинен 17-майына чейин Кытайда өтөт. Ага жалпысынан 12 курама команда жолдомо алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: