super.kg logo

Таласта жомоктогудай "Баластан" оюн-зоок шаарчасы курулууда 

 

Талас облусунда 2026-жылы Кыргызстандын 35 жылдык Эгемендүүлүгү белгиленет. Ага карата даярдыктар башталды.

Талас облусунун башчысы Эрмат Жумаев журналисттерге пресс-тур уюштуруп, облуста жасалып жаткан долбоорлор менен тааныштырды.

Облус башчысынын айтуусунда, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Таласты өнүктүрүүгө, оңдоп-түзөө, курулуш иштерине мамлекет тарабынан 8 миллирад сом акча каражаты бөлүнгөн.

Ири долбоорлордун бири “Баластан” соода жана оюн-зоок шаарчасы. Ал уникалдуу курулуш болот деп болжолдонууда. Анда кыргыз, орус, англис тилинде сүйлөп эс алуучуларды, туристтерди, жаш балдарды тосуп ала турган роботтор болот. Заманбап, талапка жооп берген бардык керектүү техникалар бар болот.

Роботтордун баарын кыргыз кызына, балдарына окшоштуруп, калпак, улуттук кийимдерди кийгишишет. Бул долбоордун ичи жомоктогудай болот. Мисалга алсак, “Magic City”, “Disneyland” парктарындай.

Борбордун жалпы аянты 17 миң чарчы метрди түзөт жана ал Шамбетова көчөсүндө жайгашкан.

Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда жана “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасынын көзөмөлүндө.

Учурда объектте иштер кызуу жүрүп жатат. Курулуш “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасынын көзөмөлүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: