super.kg logo

Бишкекте курулуп жаткан таштандыны иштетүүчү завод электр энергиясын өндүрөт

 

Бишкекте курулуп жаткан таштандыны кайра иштетүүчү завод электр энергиясын өндүрөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев "Ала-Тоо 24" телеканалына курган маегинде билдирди.

Ал план боюнча аталган завод алгачкы таштандыны 1-декабрда кабыл аларын, 28-декабрда биринчи электр энергиясын өндүрүп чыгарын айтты. Жунушалиев бардык иштер план менен жүрүп жатканын, керек болсо таштандыны кабыл алуу иши эртелеши мүмкүн экенин белгиледи.

"Так айтканда, 1000 тонна таштандыны заводго бере алабыз. Келечекте таштандыны кабыл алуу көлөмүн 3500 тоннага чейин жеткиребиз деген максат бар. Завод электр энергиясын да өндүрөт. Завод кубаттуулугу суткасына 460 мегаватт электр энергиясын өндүрсө, 50 мегаватт заводдун ишмердүүлүгү үчүн жумшалат. Бирок коюлуп жаткан генераторлор 750 мегаваттка чейин кубаттуулугу бар. Ошондо завод толук кандуу ишке киргенде саатына 30 мегаватт чыгарып турат", - деди ал.

Жунушалиев ошондой эле завод түтүндү чыпкалоочу жабдыктар менен жабдыларын кошумчалады.






Бишкекте курулуп жаткан таштандыны иштетүү заводу электр энергиясын өндүрөт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: