Израилдин депутаттары Трамптын сөзүн үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышты (видео)
Израилдеги Кнессетте өтүп жаткан жыйында АКШнын президенти Дональд Трамптын сөз сүйлөөсү күтүлбөгөн окуя менен коштолду.
Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, оппозициядагы солчул багыттагы эки депутат жыйын жүрүп жаткан учурда нааразычылык билдирип, анын сүйлөөсүн үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышты.
Алар "Палестинаны тааныгыла!" деген жазуусу бар кагазды көтөрдү. Бул аракет дароо жыйын залында башаламандык жаратып, коопсуздук кызматкерлери кийлигишүүгө аргасыз болушту. Спикер Амир Охана тартип бузгандарга карата чара көрүлөрүн айтып, калган депутаттарды тартипке чакырды.
Окуяга кимдер так катышканы азырынча расмий тастыктала элек. Бирок парламенттин спикери Офер Кассиф деген солчул саясатчынын ысымын атап өттү. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына ылайык, бул акцияга эки оппозициялык депутат катышкан болушу мүмкүн.
Бул күтүүсүз окуяга карабастан Дональд Трамп өз сөзүн улантты. Ал окуяга кыскача комментарий берип, тамаша аралаш "абдан эффективдүү болду" деп айтты.
Израилдин депутаттары Трамптын сөзүн үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышты

