Жеңүүчүлөр жасалма болгон... Бишкекте мыйзамсыз лотерея уюштургандар кармалды










Бишкекте мыйзамсыз лотерея өткөргөн уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, алар эч кандай уруксат документтери жок, өлкөнүн "Лотереялар жөнүндө" мыйзамынын талаптарын бузуу менен "Ош сила" фиктивдүү лотереясын өткөрүү жолу менен алдамчылык схемасы уюштурушкан.
Тергөөдө аталган лотереянын уюштуруучулары атайын даярдалган жалган адамдарды жеңүүчү кылып келишкени аныкталган. Натыйжада байгелер өздөрүндө калып, алар карапайым жарандарды адаштырып, алдамчылык иштеринен түшкөн пайданы көбөйтүшкөн. Көптөгөн катышуучуларды тартуу үчүн лотереяда кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндөгү кымбат баалуу байгелер ойнотулган.
"Ош сила" лотерея кеңсесинде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринде лотерея билеттерин басып чыгаруучу принтер, тираж үчүн барабан, мыйзамсыз лотереяларда байге катары колдонулган унаалар, ошондой эле мыйзамсыз иш-аракетти тастыктаган документтер табылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, мыйзамсыз лотереянын уюштуруучулары К.у.К. жана Б.М. №21 тергөө абагына киргизилген.
Учурда бул фактыга тиешеси бар бардык жагдайларды жана адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Бишкекте мыйзамсыз лотерея уюштургандар кармалды
