Ажатканага суранган... Ак-Ордодогу кылмышка шектүүнүн өлтүрүлүшү боюнча маалымат айтылды
Ички иштер министрлиги Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда эки бир тууганды өлтүрүүгө шектелип кармалган 19 жаштагы жигит качууга аракет кылганда жок кылынганын кабарлады. Бирок ИИМ анын кандай жагдайда качып кеткенин ачыктаган жок.
SUPER.KG порталына күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү булактар билдиргендей, ал Караколдон Бишкекке алынып келе жатканда Кемин туштан ажатканага суранып, натыйжада качууга аракет кылган. Мындан улам милиция курал колдонгон. Окуя түндө болгон. Шектүүнү Караколго тергөө жүргүзүү үчүн алып барышкан.
Белгилей кетсек, 3-октябрга караган түнү аталган аймакта үрөй учурган окуя катталып, эки бир тууганды бычактап кетендиги боюнча маалымат тараган. Анда бир эркек киши жана анын эжеси каза болгондугу маалымдалган. Каргашалуу окуя болгон жерден каза болгон кишинин аялы балдары менен качып кетүүгө үлгүргөн.
ИИМ шектүүнүн сүрөтүн чыгарып, ал тууралуу маалымат бергендерге сый акы убадалаган. Кийинчерээк социалдык тармактарда кармалган шектүүнүн сүрөттөрү тараган. Бирок интернет колдонуучулары ИИМ издөөгө алган киши менен кармалган жигиттин окшош эместигин айтып чыгышкан.
Окуядан кийин мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ак-Ордо-3 конушунда эки адамдын өлтүрүүгө шектелген адамдын кантип кармалганын айтып, окуя боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековго байланышканын жазган.
Президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда айтылган пикирлерди төгүндөгөн билдирүү жасаган. Көп өтпөй министрлик билдирүү жасап, анын кармалган учурундагы тасмаларды жарыялап, анын көрсөтмө бергенин билдирди.
Окуя боюнча өлкө башчы Садыр Жапаров да билдирүү жасаган. 9-октябрда шектүү жаран эки айга камакка алынган.


1 |