super.kg logo
  Саясат  

№21 шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси

 

Бүгүнкү күндө парламенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоого №21 шайлоо округу боюнча беш жаран талапкерлигин койду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында көрсөтүлөт.

Ага ылайык, шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрь саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Талапкерлердин тизмеси:

Бектурова Асел Уланбековна, 21.09.1975-жлы туулган, Арча-Бешик мектебинин директору

Сатынбаев Динмухамбет Доктурбекович, 13.02.1985-жылы туулган, убактылуу иштебейт

Садырбаева Жылдыз Эсенбековна, 29.03.1970-жылы, Жогорку Кеңештин депутаты

Бапаева Гүлсана Жунусовна, 23.01.1964-жылы туулган, "Бапаева Г Ж" ЖЧКсынын директору

Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич, 01.06.1980-жылы туулган, Бишкек шаардык кеңештин депутаты

№21 шайлоо округу Бишкек шаары.Шайлоочулардын саны 138 миң 792. Шайлоо округуна Бишкек шаарынын Ленин районундагы МТУ-101, 102, 104, 105, 108 жана Орок айылындагы МТУ-107 толугу менен киргизилген.

Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: