super.kg logo

"Катуу кызганам". Орусияда 14 жаштагы бала сүйлөшкөн кызын бычактап койгон

 

Орусиянын Ангара облусунда өспүрүм 14 жаштагы окуучу сүйлөшкөн кызын кызганып урушуп кетип, кызды жана анын кошуна кызын бычактап койгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, 14 жаштагы бала өз үйүнөн бычак алып, кыздын үйүнө барган. Үйүнүн короосунда катуу талаш-тартышта бала анын курсагына жана капталына бир нече жолу бычак сайган. Шектүүнүн айтымында, кыз алгач андан бычакты алууга аракет кылып кыйкырган, бала коркуп кетип көп жолу бычак сайып салган. Ызы-чуу болгон жерге 23 жаштагы кошунасы чыгып, аларды ажыратууга аракет кылган, бирок ага да бир нече жолу бычак сайылган.

Жабырлануучулардын экөө тең алган жараатынан ооруканада каза болушкан.

Баланы батирден чуркап чыккан адам кармаган. Ага эки же андан көп адамды өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Бала сүйлөшкөн кызын акыркы кездери алдап жатат деп шектенип, кызганган.

Белгилүү болгондой, каза болгон кыз 8-класста окучу. Аны өлтүргөн бала 9-класста.

Баланын ата-энесинин айтымында, алар анын сүйлөшкөн кызы бар экенин билишкен. Баланы жоош болчу деп белгилешкен.

Тергөө учурунда "сүйлөшкөн кызыңды катуу кызганасыңбы?" дегенде ал "абдан катуу" деп жооп берген.

Учурда тергөөчүлөр аны суракка алып, прокуратура иликтөө иштерин жүргүзүп жатканы маалымдалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: