Чүйдүн Жайыл райондук Кадастр мекемесинин башчысы кармалды





Чүй облусунун Жайыл райондук Кадастр мамлекеттик мекемесинин башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган филиалдын айрым кызмат адамдары жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу боюнча коррупциялык схеманы алдын ала сүйлөшүп алып уюштурушканы аныкталган. Мыйзамсыз иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн жасалма баштапкы документтер колдонулган. Бул жеке менчикке мамлекеттик актыларды мыйзамдуу негиздерсиз тариздөөгө мүмкүндүк берген.
Натыйжада Жайыл райондук филиалында жана кызмат адамдарынын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, машинкалар жана эски үлгүдөгү мамлекеттик бланктар боюнча 2004-жылы чыгарылган Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин мөөрү, жеке менчик укугуна жаңы жана катталбаган мамлекеттик актылар табылган.
Мындан тышкары жер тилкелерине жеке менчикке мамлекеттик актыларды мыйзамсыз берүү, тактап айтканда, документтин түп нускасын жасалмалоо жана аларды Кадастр мамлекеттик мекемесинин реестрине каттоо жолу менен ишке ашырылгандыгы такталган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган мекеменин Жайыл филиалынын башчысы №21 тергөө абагына киргизилди.
