Феликс Кулов Манас шаарынын статусу референдум менен чечилиши керектигин айтты
Мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов Манас шаарынын статусу боюнча маселени референдумга киргизүүнү сунуштады.
Ал жакында өлкөдө эки маанилүү окуя боло турганын эске салды. Кулов белгилегендей, бул 30-ноябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо жана өлүм жазасын киргизүү боюнча элдик референдум маселеси.
Мурдагы өкмөт башчы Манас шаарына республикалык маанидеги статус берүү да жалпы элдик референдум менен гана чечилиши керектигин кошумчалады.
"УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, Манас шаары облустук статустан республикалык статуска которулат. Бул жалпы элдик референдумда Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен гана ишке ашат", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Буга чейин Ташиев Манас шаары 2026-жылы республикалык деңгээлдеги үчүнчү шаар боло тургандыгын билдирген.


