Бишкекте асма жол куруу боюнча иштер жүрүп жатабы?
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев калаага асма жол куруу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.
Ал бул боюнча техникалык-экономикалык негиздемелер иштелип чыкканын белгиледи.
"Бирок ошону курам деген компания ал маселени караштырып жатат. Биз башка компанияларга да кайрылдык. Эгер алар келсе, анда курулат", - деди мэр "Ала-Тоо 24" телеканалына курган маегинде.
Жунушалиев бирок асма жол тыгынды чечүүдө чоң таасир бере албасын белгилеп, асма жол туристтик максатта милдетин аткара берерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Айбек Жунушалиев былтыр Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкекте 6 чакырымдык асма жол куруу пландалып жатканын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:57
2025-10-14

14:01
2025-10-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.