Израил тынчтык келишимине карабастан палестиналыктарга ок атты
Израил армиясы ок атышууну токтотуу келишими күчүнө киргенине карабастан, Газа тилкесинде үйлөрүнө кайтып бара жаткан палестиналыктарга ок атты. Бул тууралуу Палестинанын расмий WAFA маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Израил армиясы шаардагы эш-Шужаийя районунда үйлөрүн көрүүгө барган палестиналыктарга дрондор аркылуу ок чыгарып, үч адамды өлтүргөн.
Мындан тышкары Израилдин мурдагы чабуулдарында жаракат алган эки палестиналыктын да көз жумганы маалым болду.
Газадагы ок атышууну токтотуу жана туткундарды алмашуу келишими АКШ президенти Дональд Трамп 9-октябрда Египетте өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдө Израил менен ХАМАС Газадагы ок атышууну токтотуу планын биринчи этабында макулдашканын билдирген.
Египетте кол коюлган бул келишим Израил өкмөтүнүн бекитүүсү менен 10-октябрда күчүнө кирген.
