Парламенттик шайлоо: №25 шайлоо округундагы талапкерлердин тизмеси
Парламенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоого №25 шайлоо округу боюнча бүгүнкү күнгө карата 3 талапкер катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында айтылат.
№25 шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси:
Шабазов Бахридин Валиевич, 07.12.1984-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
Тердикбаев Эрлис Жекшенович, 27.05.1969-жылы туулган, Коргоо министрлигинде эмгектенген
Керимбаев Азим Белекович, 03.09.1987-жылы туулган, жеке ишкер
№25 шайлоо округу Кант шаары. Шайлоочулардын саны 141 миң 173. Шайлоо округуна Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Тунгуч кичи району, Рухий Мурас, Кара-Жыгач, Алтын-Ордо МТУ-406 жана Ысык-Ата району толук кошулган.
Белгилей өтсөк, парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздарын 30-октябрга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.

