№27 шайлоо округундагы талапкерлердин тизмеси
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №27 шайлоо округу боюнча бүгүнкү күндө 10 талапкер катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтына жарыяланды.
Тизме:
Жаилов Таалайбек Карыпович, 26.05.1980-жылы туулган, убактылуу иштебейт
Алымбаева Эльнура Сталиковна, 29.05.1985-жылы туулган, Биринчи май райондук Бишкек Адвокаттар коллегиясында эмгектенет
Абдыкалыкова Гүлбара Кадырбековна, 20.10.1981-жылы туулган, убактылуу иштебейт
Асакеев Ринат Сапарбекович, 26.04.1991-жылы туулган, жеке ишкер
Муратбеков Табылды Муратбекович, 10.11.1994-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
Асанкулова Алтынай Жолучуевна, 31.05.1983-жылы туулган, "Бакай Банк" ААКсында эмгектенет
Дубанбаева Анар Сартбаевна, 23.10.1960-жылы туулган, убактылуу иштебейт
Кожобаева Жылдыз Баракбековна, 14.02.1989-жылы туулган, И.Раззаков атындагы КМТУнун консультант эксперти
Кадыров Кубанычбек Бекбосунович, 13.10.1970-жылы туулган, убактылуу иштебейт
Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич, 21.03.1972-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
№27 шайлоо округу - Чолпон-Ата шаары. Шайлоочулардын саны 157 миң 722. Шайлоо округуна Ысык-Көл, Түп жана Ак-Суу райондору толук киргизилген.
БШК шайлоо катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздарын 30-октябрь саат 18:00гө чейин кабылалат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрында өтөт.

