Венесуэла Нобель сыйлыгы Мачадого берилгенден кийин Норвегиядагы элчилигин жапты
Венесуэла өкмөтү Норвегиянын борбору Ослодогу өз элчилигин жабуу чечимин кабыл алды. Бул чечим оппозиция лидери Мария Корина Мачадо 2025-жылдагы Нобель тынчтык сыйлыгына ээ болгондон кийин кабыл алынды деген пикирлер айтылууда.
Бирок расмий билдирүүсүндө Венесуэла бийлиги бул чечимди Нобель комитетинин чечими менен байланыштырышкан жок, алар элчиликтин жабылышын дүйнө жүзүндөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү реструктуризациялоонун алкагында кабыл алынган чечим катары түшүндүрүштү.
Ошол эле учурда Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги Каракастын элчиликти эч кандай түшүндүрмө бербестен жаап салганын сындап, бул чечимди "өкүнүчтүү кадам" деп атады.
Норвегиянын Нобель комитети Мачадого бул сыйлыкты "Венесуэла элинин демократиялык укуктарын илгерилетүүдөгү талыкпаган аракети жана өлкөнү диктатурадан демократияга тынчтык жолу менен өткөрүүгө жасаган күрөшү" үчүн ыйгарганын жарыялады.
Мария Корина Мачадо 2024-жылы өтүүчү президенттик шайлоодо оппозициянын бирдиктүү талапкери болуп чыккан, бирок бийлик анын талапкерлигин блоктогон.
Венесуэла бийлиги Мария Корина Мачадону өлкөгө каршы санкцияларды колдогону үчүн айыптап, ага 15 жыл бою шайлоого катышууга тыюу салган. Ал бул чечимге апелляция берген, бирок президент Николас Мадуронун тарапташтары менен толукталган Жогорку Сот арызды четке каккан.
