super.kg logo

Кесиптик лицейлерге "Э-Күндөлүк" электрондук күндөлүгү ишке киргизилүүдө

 
Бүгүн, 14-октябрда, агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева №98 кесиптик лицейинде "Э-Күндөлүк" электрондук күндөлүгүн ишке киргизүү процесси менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, министрдин орун басары лицейлерге "Э-Күндөлүк" программасын киргизүү студенттердин санын так аныктоого, алардын сабакка катышуусун көзөмөлдөөгө жана окутуунун жалпы сапатын талдоого мүмкүндүк берерин белгиледи.
"Санариптик платформаны пайдалануу мамлекеттик бюджеттен кесиптик лицейлерди өнүктүрүүгө багытталган каражаттардын пайдалануу натыйжалуулугун ачык-айкын мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет", - деди Лира Самыкбаева.
Белгилей кетсек, 1-октябрдан тарта өлкөнүн башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында "Э-Күндөлүк" санариптик системасын киргизүү боюнча иштер башталган. Электрондук күндөлүк көзөмөлдөө жана кирип-чыгууну тескөө системасы (СКУД) менен бириктирилет. Учурда системанын толук кандуу иштешине зарыл болгон маалыматтар киргизилүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: