№30 шайлоо округунда шайлоого аттанган талапкерлер (тизме)
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жөнүндө ниетин билдирген жарандардын арыздарын кабыл алууда.
БШКнын маалыматына таянсак, бүгүнкү күнгө карата №30 шайлоо округу боюнча шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 8ге жетти. Алар:
Жумаканов Мустафа Бейшебаевич, 25.03.1981-жылы туулган, жеке ишкер
Таалайбек кызы Жылдыз, 03.11.1990-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
Сыдыков Мурадил Жанышбекович, 07.09.1979-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовна, 16.04.1975-жылы туулган, айылдык кеңештин депутаты
Чокморов Болотбек Сексенбешович, 01.01.1980-жылы туулган, убактылуу иштебейт
Бакасов Улан Болотбекович, 13.07.1984-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
Самыйкожо Мирлан, 19.05.1984-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
Момуналиев Талгарбек, 18.04.1955-жылы туулган, "Манас" ЖЧКсынын кеңешчиси
№30 шайлоо округу - Нарын шаары. Шайлоочулардын саны 136 миң 756. Шайлоо округуна Нарын шаары, Ак-Талаа жана Нарын району, Ат-Башы району толук киргизилген.
Эске салсак, парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.

