"Евровидение-2026". Израилдин тагдыры декабрда чечилет
Европалык Берүү Союзу (EBU) Израилдин "Евровидение" сынагына катышуусуна байланыштуу чечим кабыл алууну декабрь айына жылдырды. Алгач добуш берүү ноябрда болмок, бирок Газа секторундагы тынчтык келишимине кол коюлгандыгына байланыштуу уюм жылдырып турууну чечкендигин чет элдик басылмалар жазышууда.
2026-жылдагы "Евровидение" ыр сынагы май айында Австрияда өтөт. Бирок акыркы жумаларда Израилдин катышуусуна каршы нааразылыктар күчөдү. Испания, Ирландия, Словения, Исландия жана Нидерланды Израиль катыша турган болсо, өз делегацияларын жөнөтпөй турганын билдиришти. Бельгия, Швеция жана Финляндия да бойкот мүмкүнчүлүгүн карап жатышат.
Израилге карата сындар 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын кол салуусунан кийин башталган Газадагы согуш аракеттерине байланыштуу күчөгөн. Андан бери өткөн эки "Евровидение" сынагында да Израилдин катышуусу нааразылык жараткан.
