super.kg logo

Бишкектеги жер сатууга байланыштуу Ноокаттын акими кармалды

 
Бишкек шаарында ири жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга шектелип Көк-Жар айыл аймагынын мурдагы айыл өкмөт башчысы, учурда Ош облусунун Ноокат районунун акими Ч.Э. жана ири жер үлүштөрүнүн ээлери О.С., Ж.Т аттуу жарандар кармалды.
Шаардык милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши коголду.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ч.Э. жогоруда аталган адамдар менен алдын ала сүйлөшүп, ири жер үлүштөрүн мыйзамсыз түрдө майда тилкелерге бөлүп, жеке турак жай курулушу үчүн саткан.
Мындан улам, Көк-Жар айыл аймагынын №172 контурунда мыйзамсыз турак жай курулуштары массалык түрдө жүргүзүлүп, электр мамычалары орнотулуп, суу түтүктөрү тартылып жана жолдорго шагыл төшөлгөн. Бул мыйзамсыз курулуштардын кесепетинен айдоо жерлердин кыртышына олуттуу зыян келтирилип, мамлекетке 2 миллиард сомдон ашык көлөмдө материалдык чыгым алып келгендиги аныкталды.
Азыркы учурда кылмышка шектүү Ч.Э. ушул сыяктуу дагы бир нече фактыларга тиешеси бар экендиги аныкталып, тергөө амалдары улантылууда.
Жогорудагы кылмыш иши боюнча жалпысынан 12 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып, соттун чечими менен камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Ош облусунун Ноокат районунун учурдагы акими Эмил Чакибаев, ал ушул жылдын март айында кызматка дайындалган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: