super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте жаңы стадионго "Азаттык Арена", конгресс-холлго "Ырыс Ордо" аталышы берилди

 
Бүгүн, 14-октябрда, борбор калаада ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык боюнча уюштуруу комитетинин экинчи жыйыны өтүп, ага Каныбек Туманбаев төрагалык кылды. Бул тууралуу Иш башкармалыгынан кабарлады.
Маалым болгондой, жыйында, Бишкекте курулуп жаткан эки ири объект расмий аталыштарын алгандыгы маалым болду. 51 миң орундуу жаңы стадион "Азаттык Арена", ал эми заманбап Конгресс-холл "Ырыс Ордо" деп аталмай болду.
“Курулуп жаткан объектилердин аталышын урматтуу президентибиз менен талкуулап кеңешкенден кийин чечтик”, - деди Каныбек Туманбаев.
Президенттин иш башкаруучусу бул чечимди өлкө тарыхындагы маанилүү окуя катары сыпаттап, мындай ири долбоорлор биринчи жолу ишке ашып жатканын белгиледи. Анын айтымында, жаңы курулуштар эркиндикти, берекени жана жаңыланууну чагылдырган символдор болуп, Кыргызстанды эл аралык аренада таанытууга кызмат кылат деп баса белгиледи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: