Мадагаскардын Конституциялык соту аскер жетекчисин президенттикке чакырды




Мадагаскардын Конституциялык соту аскердик төңкөрүш жарыялагандардын лидери, полковник Майкл Рандрианиринага өлкөнүн президенти болууну сунуштады. Бул чечим өлкө башчысы Андри Радзуэлина өлкөдөн чыгып кетип, парламентти таркатууга аракет кылгандан кийин кабыл алынгандыгын чет элдик басылмалар жазышуууда.
Радзуэлина кызматтан четтетилүү коркунучу туулганда өлкөдөн чыгып кеткен. Бирок депутаттар чогулуп, ага импичмент жарыялашкан. Ошондон кийин аскер күчтөрү бийликти өз колуна алганын билдиришти.
Полковник Рандрианирина өлкөдөгү бардык мамлекеттик органдар, анын ичинде Конституциялык сот да таркатыларын жарыялаган болчу. Анын айтымында, өлкөнү азыр армия менен полициянын офицерлеринен турган комитет башкарышы мүмкүн.
Конституцияга ылайык, президенттин орду бош калганда, жаңы шайлоо 30-60 күндүн ичинде өтүшү керек.
