Кыргызстандын футзал курамасы Грузия менен жолдоштук оюндарды өткөрөт
Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы 2026-жылкы Азия Кубогуна даярдыктын алкагында Грузия курамасы менен эки жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалым болгондой, оюндар 18-20-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө Тбилиси шаарында өтөт.
Биримдик бул беттештер кураманын оюн тажрыйбасын арттырып, негизги турнирге карата мыкты формага келүүсүнө өбөлгө түзө тургандыгын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 24-сентябрда Кыргызстандын футзал боюнча ултуттук курама командасы Өзбекстанды жеңип, 2026-жылкы Азия кубогуна түз жолдомо алды.
Маалымат үнүн: 2026-жылкы Азия кубогуна катышкан командалар 8 тайпага бөлүнгөн. Испаниялык адис Луис Бернат Молинанын жетекчилиги алдындагы Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы "F" тайпасында орун алган. Финалдык баскычка тайпаларда биринчи орунду ээлеген 8 команда, экинчи орунду ээлеген 7 мыкты команда жана турнирдин ээси жолдомо алат. Жалпы турнирге континенттин 16 командасы катышат. Азия Кубогунун финалдык баскычы 2026-жылдын 27 январь - 8 февраль күндөрүндө Индонезияда өтөт.
