Жеке менчик мектеп ачуучуларга лицензиялоо боюнча окутуу өткөрүлдү

“Билим берүү мекемелеринин ишин жеңилдетүү боюнча активдүү иштер жүрүүдө. Мындан ары жеке менчик мектептер үчүн лицензия алуу процесси толугу менен автоматташтырылып, онлайн форматта жүргүзүлөт,” - деп белгиледи Альберт Махметкулов.
Анын айтымында, эми жеке менчик мектеп ачууга ниеттенген жарандар https://license.edu.gov.kg/ порталы аркылуу кирип, керектүү документтерди электрондук түрдө тапшыра алышат.
Агартуу министрлигинин аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Акулова жеке менчик мектептерди ачуучуларга лицензиялоо тартибинин жөнөкөйлөтүлүшү боюнча маалымат берди.
Ал эми "Түндүк" ААКсынын санариптик билим берүү департаментинин директору Бектурган Бабаев лицензиялоо боюнча электрондук документтерди түзүү жана арыз жөнөтүү тартибинин этаптарын айтып берди.
Окутууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана жеке менчик мектептердин өкүлдөрү катышты.
Белгилей кетсек, бул иш-чара Министрлер rабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 2025-жылдын 4-августундагы № 24-8284 тапшырмасынын негизинде 100 күндүк мөөнөттө жүзөгө ашырылып жаткан “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында ишке ашырылууда. Программанын алкагында жеке менчик мектептерге лицензия берүү процессин жөнөкөйлөтүү мөөнөтү 12-ноябрга чейин аякташы күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:51
2025-10-15

11:12
2025-10-15
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.