super.kg logo

Ысык-Көлдө киши колдуу болгон кыз: Орунбеков шектүү тууралуу кошумча маалымат таратты

 

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 17 жаштагы Айсулуунун өлүмүнө шектелген жаран тууралуу кошумча маалымат таратты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.

Анын айтымында, шектүү К. Айсулуудан мурда дагы кыздарды зордуктоого аракет кылып, жыйынтыгында муунтуп өлтүргөн фактылар ачылып жатат.

"Анын курмандыктары 17 жаштан 25 жашка чейинки кыздар болгон. Такси айдоочусу катары келип, унаага салып, андан соң ээн жерге айдап барган. Коркутуп, колун байлап зомбулук жасаган. Тумчуктуруп, муунтуп өлтүргөн. Анын өлтүрүү аракетинин арасында эки кыз тирүү калган.

Бул эки кылмыш боюнча биринде айып пул салынып, ал эми экинчи кыздын ишинде Бишкек шаардык сотунун 3 судьясы адам өлтүрүү аракети боюнча 12 жыл эркинен ажыратуу чечимин өзгөртүп, "Тоноо" беренесине алмаштырган. Мыкаачынын жазасын жеңилдетип салып, натыйжада К. көп өтпөй эркиндикке чыгып кеткен", - деди Орунбеков.

Орунбеков ИИМдин тергөөсүнүн негизинде жергиликтүү телеканалдардын бири иликтөө жасаганын да кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: