Парламенттик шайлоого аттанган талапкерлердин саны 257ге жетти
Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссия Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардын арыздарын кабыл алууда.
БШКнын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата 257 жаран арыз тапшырды. Ал эми 14-октябрда 28 жаран шайлоого катышуу ниетин билдирди. Алар:
- Исаев Абдикасыт Абдулакимович №1 (Раззаков шаары) - убактылуу иштебейт
- Молдобаев Бактыбек Садырович №25 (Кант шаары) - жергиликтүү кеңештин депутаты
- Муктаров Нурбек Муктарович №27 (Чолпон-Ата шаары) - жергиликтүү кеңештин депутаты
- Абдибаева Салтанат Нышановна №15 (Кербен шаары) - коомдук ишмер
- Жумабеков Дастанбек Артисбекович №16 (Талас шаары) - Жогорку Кеңештин депутаты
- Ураимов Алихан Ураимович №1 (Раззаков шаары) - убактылуу иштебейт
- Салямова Венера Хамзаевна №11 (Манас шаары) - Жалал-Абад облусунун прокуратура бөлүмүнүн башчысы
- Рустамбек уулу Советбек №4 (Ноокат шаары) - Жогорку Кеңештин депутаты
- Исираилов Азамат Алмазбекович №5 (Араван району) - Жогорку Кеңештин депутаты
- Энназаров Санжарбек Арзыкулович №12 (Сузак райцону) - “Дори Строй” компаниясынын директору
- Калбердиева Мавлюда Калматовна №11 (Манас шаары) - жеке ишкер
- Момункулов Эмил Базаркулович № 20 (Лебединовка айылы) - «Солто» коомдук бирикмесинин төрагасы
- Карыпбеков Илим Майрамбекович № 23 (Бишкек шаары) - жеке ишкер
- Бакиров Артур Жылдызбекович №10 (Кара-Кулжа айылы) - КЭУ Окуу-өндүрүштүк комплексинин инновациялык дистанттык окутуу факультетинин доцентинин милдетин аткаруучу
- Самаков Кубанычбек Карганбекович №30 (Нарын шаары) - Жогорку Кеңештин депутаты
- Ахматова Сюита Камалдиновна №2 (Кадамжай шаары) - жеке ишкер
- Разиков Аброр Джононович №20 (Лебединовка айылы) - убактылуу иштебейт
- Маматалиева Мунара Даниярбековна №13 (Масы айылы) - Д. Садырбаев айыл өкмөтү, инвестициялар бөлүмүндө эмгектенет
- Суйлайманов Кундузбек Кошалиевич №14 (Токтогул шаары) - Жогорку Кеңештин депутаты
- Жансейитов Тынайбек Каныбекович №26 (Токмок шаары) - убактылуу иштебейт
- Биймырсаева Дамира Байтерековна №18 (Беловодское айылы) - Чүй облусунун Москва району боюнча агрардык өнүгүү башкармалыгы
- Досалиев Эльмир Акуналыевич №22 (Бишкек шаары) - Бишкек шаардык кеңешинин депутаты
- Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич №23 (Бишкек шаары) - «Кумтөр Голд Компани» ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин президенти
- Капаров Чынгыз Капарович №30 (Нарын шаары) - убактылуу иштебейт
- Нурмухамедов Эрназар Муратбекович №17 (Кара-Балта шаары) - Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы
- Калдарова Гүлнара Калдаровна №6 (Ош шаары) - “Усен-Аман” ЖЧКнын директору
- Нурбаева Гүлназ Абдулатиповна №13 (Масы айылы) - Кеңеш айылдык кенешинин VII , VIII, IX чакырылышынын депутаты
- Камчибекова Нуржамал Матисаковна №11 (Манас шаары) - Улуттук коопсуздук органдарынын ветераны, Манас шаардык башкармалыгынын статистикасынын жетектөөчү адиси
Эске салсак, парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:06
2025-10-15
22:00
2025-10-14
Рейтинг:
0

